Сентябрь айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 4 миллиард 131 миллион 549,2 миң сом сарптаган. Бул тууралуу мамлекеттик бюджеттин кассалык аткарылышы жөнүндө отчетто берилди.
Анын ичинен ички карызды төлөөгө 1 миллиард 8 миллион сом, тышкы карызга 3 миллиард 123 миллион 539,5 миң сом бөлүнгөн.
Кошумчалай кетсек, алгач мамлекеттик бюджетте мамлекеттик милдеттенмелерди төлөөгө 4 миллиард 329 миллион 690 миң сом каралган. Алсак, Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө пландаштырылгандан 198 миллион 140,8 миң сомго аз чыгымдалган.