Кыргызстан Кытай менен жүк ташууну эки эсеге көбөйттү

17.12.2021, 09:21 Акчабар
Кыргызстан Кытай менен жүк ташууну эки эсеге көбөйттү

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 2021-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Тактап айтканда, «"Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрмө бекеттери аркылуу жүк ташууларды көбөйтүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттердин аткарылышы тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, бул багытта бир топ иштер аткарылып, бүгүнкү күндө аталган посттор аркылуу жүк ташуу байкаларлык көбөйдү.

"Бул өткөрүү пункттары аркылуу ноябрь айында күнүнө 30дан 60 вагонго чейин жүк ташылып келсе, азыр бул эки өткөрүү пунктунан күнүнө 125 унаа өтүп жатат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик, анткени бажыдан түшкөн кирешенин 70% Кытайдан келет. Ошентип, ноябрь айында белгиленген планды 100 процентке аткара алдык", - деди Бажы кызматынын жетекчиси.

Тэги: грузопоток Китай Кыргызстан гостаможня

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу