Кыргызстан 2021-жылдын биринчи жарымында өзбекстандык жеңил автоунааларды импорттогон алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети таркатты.
Маалым болгондой, ушул жылдын январь-июль айларында чет мамлекеттерге 194 миллион долларлык жеңил унаа экспорттолгон. Өзбекстандын авто экспортунун жалпы көлөмүнүн 94% Казакстанга туура келет (181,9 млн доллар).
Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орунда Ооганстан, Украина жана Орусия турат. Ал эми жети айдын жыйынтыгы боюнча бул продукциянын Кыргызстанга импорту 1 млн долларга бааланды.
2020-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу Өзбекстанда жеңил унаалардын экспорту өндүрүштүн көлөмү 1,3 эсе азайганына карабай дээрлик 123 миллион долларга көбөйгөн. Ошентип, 2021-жылдын январынан июнуна чейин 108 миң 180 жеңил автоунаа чыгарылган, көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилинде 143 миң 455 болчу.