Кыргызстан АӨБдөн бюджетти колдоо үчүн 1,5% менен 69 млн доллар карыз алат

17.11.2021, 16:04 Акчабар
Кыргызстан АӨБдөн бюджетти колдоо үчүн 1,5% менен 69 млн доллар карыз алат

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Белгилей кетсек, экономиканы диверсификациялоого көмөктөшүү программасынын экинчи бөлүгү ушундай жол менен бекитилген. Ал боюнча келишимдерге 4-октябрда Бишкекте кол коюлган.

Маалым болгондой, Азия өнүктүрүү банкы финансы каражаттарын республикалык бюджетке колдоо үчүн 80 млн АКШ доллар өлчөмүндө берет. Анын ичинде: 10,7 млн — грант жана 69,3 млн — кредит 24 жылга сегиз жылдык жеңилдетилген мезгилге 1% үстөк пайыз менен, негизги мезгилде 1,5% үстөк пайыз менен берилет.

Тэги: АБР кредит бюджет экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу