Кыргызстан “Манас Банкы” боюнча эл аралык сотто утуп алды

25.03.2022, 11:44 Акчабар
Кыргызстан “Манас Банкы” боюнча эл аралык сотто утуп алды

Франциянын Жогорку кассациялык соту В.Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы "Манас банкына" байланыштуу көп жылдык талаш-тартышка чекит койду. Доонун суммасы 16 млн долларды түзгөн, - деп Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

23-мартта Франциянын Жогорку кассациялык соту Кыргызстандын жүйөлөрүн жана позициясын колдоп, Валерий Белокондун бардык арыздарын четке какты.

“Мындай чечим үчүн В.Белокондун кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча операциялардан пайда алуусу негиз болду (аталган банк мекемесинин ишинин алкагында)”,- деп билдирет министрлик.

Бул чечим акыркы, жана В.Белоконь Кыргызстанга карата талаптары мындан ары башка соттук же арбитраждык жол-жоболордун алкагында каралышы мүмкүн эмес.

Териштирүүнүн хронологиясы:

  • 2014-жылдын 24-октябрында арбитраждык чечим чыгарылган, ага ылайык Кыргызстан В. Белоконьго таандык болгон "Манас банктын" мүлкүн мыйзамсыз, мажбурлап ээликтен ажыратуу үчүн 16 млн доллардан ашык төлөөгө милдеттүү болгон.
  • 2017-жылы бул арбитраждык чечим жокко чыгарылган, анткени сот Франциянын эл аралык коомдук тартибине каршы келет деген тыянакка келген, ага ылайык, башка финансылык кылмыштар менен катар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди эл аралык адалдоого каршы күрөшүү эл аралык коомдук тартиптин маанилүү элементтеринин бири болуп саналат.
  • 2021-2022-жылдары В.Белоконь Париж сотунун чечимине Франциянын Кассациялык сотуна даттанууга жана Кыргызстанга каршы арбитраждык чечимдин юридикалык күчүн калыбына келтирүүгө аракет кылган.

Тэги: Манас Банк Валерий Белоконь арбитражный суд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу