Глобалдык ачкачылык индексинде өлкөлөр эң коопсуздан эң ачкага чейин рейтингде Кыргызстан быйылкы жылы 121 өлкөнүн ичинен 40-орунду ээледи. Өлкөнүн индекси 7,8 болгон. Индекс канчалык төмөн болсо, өлкөдө ачарчылык коркунучу ошончолук аз болот.
Биздин өлкө, изилдөөгө ылайык, ачарчылык деңгээлинин 2000-жылдагы 18 баллдан 2022-жылы 7,8 баллга чейин төмөндөө тенденциясын көрсөттү.
Белгилеп кетсек, 5 же андан аз упай топтогон рейтингдин лидерлери болуп 17 өлкө чыкты: Беларусь, Босния жана Герцеговина, Чили, Кытай, Хорватия, Эстония, Венгрия, Кувейт, Латвия, Литва, Черногория, Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Словакия, Түркия, Уругвай жана Йемен.
Борбор Азия өлкөлөрү төмөнкүдөй рейтингде: Өзбекстан 21-орун, Казакстан 24-орун, Тажикстан 67-орун, Түркмөнстан 49-орунда.