2020-жылдагы Глобалдык ачарчылык индексинде Кыргыз Республикасы 107 мамлекеттин ичинен 42-орунда турат. Бул тууралууGlobalhungerindexсайтында маалымдалды.
Дүйнөлүк ачарчылык индексиндеги Кыргызстандын көрсөткүчү 8.4, демек, өлкөдө ачарчылык деңгээли төмөн.
20 жыл мурун индекстеги өлкөнүн көрсөткүчү 18,4 түзгөн, демек, ошол мезгилде өлкөдө ачарчылыктын абалы орто, бирок ошол эле учурда көйгөйгө жакын болгон.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан акыркы орунда турат. Биринчи орунду 5тен төмөн балл менен Беларусия ээлесе, андан кийин Оруси - 5,2, Казакстан - 5,4, Армения - 6,9.