Энергиянын жаңы булактарына өтүү рейтингинде Кыргызстан 94-орунду ээледи

09.12.2021, 13:49 Акчабар
Энергиянын жаңы булактарына өтүү рейтингинде Кыргызстан 94-орунду ээледи

Дүйнөлүк экономикалык форумдун отчетуна ылайык, энергиянын жаңы булактарына өтүү боюнча 2021-жылдын рейтингде Кыргызстан тизмеге кирген 115 өлкөнүн ичинен 94-орунду ээледи.

Системанын иштөө критерийи боюнча энергетиканын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн, экологиялык туруктуулукту жана экономикалык өнүгүүнү жана өсүштү эске алуу менен Кыргызстан 52,3 баллга ээ болду. Ал эми бул көрсөткүч ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн – Россия (66 балл), Казакстан (64,1 балл) жана Армения (63,6 балл) азыраак. Беларусия болсо өлкөлөрдүн рейтингине кирген эмес.

Ошол эле учурда республикада энергиянын таза булактарына өтүүгө даярдыктын көрсөткүчү союз боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат жана 50,3ти түзөт. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Россиядан (45,7) жана Казакстандан (43,4) алдыда, бирок 53,7 болгон Армениядан төмөн.

“Өткөөл мезгилге даяр болуу үчүн капитал жана инвестиция, адам капиталы менен керектөөчүлөрдүн катышуусу, инфраструктура, инновациялык бизнес чөйрөсү, институттар башкаруу, ошондой эле жөнгө салуу жана саясий милдеттенмелер сыяктуу жагымдуу факторлор эске алынат”, - деп түшүндүрдү рейтингдин авторлору.

Кошумчаласак, энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, ушул жылдын башынан бери ГЭСтер болгону 45 млн киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн болсо, Бишкек ЖЭБинде 10 млрд киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, рейтингдин лидерлери Скандинавия өлкөлөрү - Швеция, Норвегия жана Дания, аутсайдерлер - Монголия (113-орун), Гаити (114-орун) жана Зимбабве (115-орун) болушкан.

Тэги: ВИЭ новые источники энергии Кыргызстан мировой рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу