Кыргызстан «Жемкорлукту кабыл алуу» индексинен 180 өлкөнүн ичинен 126 - орунду ээледи

23.01.2020, 13:35 Акчабар
Кыргызстан «Жемкорлукту кабыл алуу» индексинен 180 өлкөнүн ичинен 126 - орунду ээледи

Кыргызстан 2019 - жылы «Жемкорлукту кабыл алуу» индексинде 180 мамлекеттин ичинен  126 - орунду ээледи. Бул тууралуу эл аралык Transparency International уюму тарабынан атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында маалым болду. 

Кыргызстан 100 баллдын ичинен 30 балл алып, Жибути, Украина жана Азербайжан өлкөлөрү менен бир катарга турду. 2018 - жылы Кыргызстан аталган индекстен 29 балл алып,  132-орунду ээлеген.

«Жыл сайын жүргүзүлгөн рейтингде өлкөлөрдүн саны бирде азайып, бирде көбөйө бергендиктен, коюлган критерийлер балл менен  эсептелинет», — деп жазылат маалыматта. 

 2019 - жылы алдыңкы орунга Дания жана Жаны Зеландия (87 балл), Финляндия (86 балл), Сингапур, Швеция жана Швецария (85 балл) чыгышкан. Тизмектин аягына Сирия (13 балл), Түштүк Судан (12 балл) жана Сомали (9 балл) өлкөлөрдүн аты аталган. 

Изилдөөдөгү башкы критерий катары өлкөдөгү саясат, акча жана коррупциянын көрсөткүчтөрү эске алынган. Рейтингдин жыйынтыгына ылайык, каржы тартиптери бекем өлкөлөр жемкорлуктун төмөнкү баскычында экени белгилүү болгон. 

Transparency International уюумунун өкүлү Делия Феррейра Рубио, бардык өлкөлөрдүн өкмөт мүчөлөрүнө каржы тартипти орнотууга чакырды. 



 

Тэги: индекс восприятия коррупции рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу