Кыргызстан өзбек ишкерлерине альтернативдүү энергия чыгарууну сунуштады

26.01.2023, 14:00 Акчабар
Кыргызстан өзбек ишкерлерине альтернативдүү энергия чыгарууну сунуштады

Кыргызстан альтернативалык энергетика булактарын ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыктар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес-форумунда билдирди. 

Айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан глобалдык көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргызстан Өзбекстан менен альтернативалык энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыктар.

"Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ. Алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор”, - деди Акылбек Жапаров. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу