Ушул жылдын январь-август айларында Кыргызстан Өзбекстанга 187,6 млн долларга товар экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мезгил аралыгында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 679 млн долларды түзгөн. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга 491,5 долларга товар экспорттогон.
Мындан тышкары, эң жогорку Өзбекстандын Кытай менен соода жүгүртүүсү 8,3 млрд доллар болсо, Орусия менен 6,2 млрд доллар жана Казакстан менен 2,9 млрд доллар болгон.