Кыргызстанда этти, сүттү, картошканы кайра иштетүү жана балык азыктарын өндүрүү боюнча жаңы агроөнөр жай ишканалары ачылат. Бул тууралуу Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанда бул товарларга суроо-талап жогору.
“Өнүмдөрдү Өзбекстанга экспорттоого мүмкүн болгон тармактарда кайра иштетүү ишканалары ишке киргизилет. Бул эт, сүт, картошка жана балык азыктары болмокчу. Алар суроо-талапка ээ. Агроөнөр жай комплексинин бул багыттарын да каржылоого даярдап жатабыз”, - деди Аалиев.