Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн беш түрү менен гана камсыздай алат

29.09.2023, 15:31 Акчабар
Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн беш түрү менен гана камсыздай алат

Быйыл Кыргызстан өзүн картошка менен 100% камсыздай алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”  жана "Мекенчил" фракцияларынын жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.  

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт. 

Өлкө боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу 100%дан ашууда.  

"Эгерде биз мурда тамак-аштын үч түрү менен, анын ичинде эт жана кант менен 85% камсыз кылсак, быйыл эт жана кант менен 88% камсыз болдук. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү 9 негизги азык-түлүктүн бешөөсү менен толук камсыздай алабыз", - деди министр. 

Ал белгилегендей, Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу