Кыргызстандыктар карызын онлайн текшере алат

28.06.2022, 12:41 Акчабар
Кыргызстандыктар карызын онлайн текшере алат

“Түндүк” мамлекеттик мекемесинде Кыргызстандын жарандарына сот аткаруучулар аркылуу онлайн режиминде карызын текшерүү мүмкүнчүлүгүн бере турган кызматтын бет ачары өттү. Бул тууралууСанариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Сервис электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Бет ачардын жүрүшүндө Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ыйгарым укуктуу колдонуучулар дагы аткаруу ишинин номери жана сот аткаруучунун телефон номери менен тааныша аларын айтты.

“Мамлекеттик порталда кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызматтардын спектрин кеңейтүү жарандардын кагаз түрүндөгү справкаларды жана документтерди алуу убактысын жана чыгымдарын үнөмдөөгө алып келет. Үйдөн чыкпастан жана дүйнөнүн каалаган жеринде болбостон, электрондук кызматтардын бирдиктүү порталында бардык маанилүү социалдык мамилелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - деп кошумчалады Талантбек Иманов.

Тэги: ГУ Тундук Минцифры задолженность судебные исполнители

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу