Кыргызстандыктар 2023-жылдын биринчи кварталында онлайн оюндарга кызыгуу азайганын көрсөттү. Тармактагы оюндарга кеткен жалпы чыгымдар 5 миллион сомду түздү, төлөм уюмдары аркылуу 11 миң транзакция ишке ашырылган.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу онлайн оюндарга сарпталган сумманын 25,4%га азайгандыгын көрсөтөт. Мындан тышкары, транзакциялардын саны да олуттуу кыскарган - 31,7% га.
Чыгымдардын төмөндөө тенденциясы 2022-жылдын акыркы чейрегинин жыйынтыгын салыштырганда ого бетер айкын болот. Бул аралыкта кыргызстандыктар онлайн оюндарга дээрлик 44% аз короткон.
Жалпысынан 2022-жылы онлайн оюндарга кыргызстандыктар 32,9 миллион сом сарпташкан.