Кыргызстандыктар акчаны көбүнэсе накталай сактай башташты

15.09.2022, 11:37 Акчабар
Кыргызстандыктар акчаны көбүнэсе накталай сактай башташты

Улуттук банк Кыргызстанда накталай акчанын жана депозиттердин өсүшүн белгиледи. Бул тууралуу акча-кредит саясаты боюнча жөнгө салуучу органдын 2022-жылдын экинчи кварталындагы отчетунда айтылат.

“2022-жылдын февраль айынан бери банктардан тышкаркы акчалар 28,9%га өстү. II чейректе 21,4%га көбөйүп, отчеттук мезгилдин акырына карата 150,4 млрд сомду түздү (жылдык өсүш 20,5 пайыз болду)”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 2022-жылдын II чейрегинде чет өлкө валютасындагы депозиттерди камтыган M2X акча топтому ылдамдашы уланган: жылдык өсүш өткөн чейректеги 9,5%га каршы 18,6%ды түзгөн.

Депозиттик базанын жалпы көлөмү 13,9 пайызга, анын ичинде улуттук валютадагы (17,2 пайызга), чет өлкө валютасындагы депозиттердин да (9,3 пайызга) көбөйүүсүн түзгөн. Акча массасынын кеңейүүсүнө банктардан тышкаркы каражаттын өсүшү да оң салым кошкон.

Тэги: Национальный банк КР новости Кыргызстана депозитная база

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу