Кыргызстандыктар камсыздандыруу компанияларынын кызматын көбүрөөк колдоно баштады

06.07.2021, 11:15 Акчабар
Кыргызстандыктар камсыздандыруу компанияларынын кызматын көбүрөөк колдоно баштады

Ушул жылдын 1-апрелине карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 73,5 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге көп, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Алардын 66 миңи же 89,8% жеке адамдар, 10,2% юридикалык жактар ​​менен түзүлгөн келишимдер болгон. Ошол эле учурда, түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 75,3% ыктыярдуу камсыздандырууга, 24,7% милдеттүү түрдө камсыздандырууга туура келген.

"Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 1-апрелге карата 253 миллиард 48,5 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 20,9% га же 43 миллиард 788,7 миллион сомго көбөйдү", - деп билдирди статистика бөлүмү.

Ошол эле учурда мүлктү камсыздандыруу келишимдери жалпы камсыздандыруу суммасынын 55% түздү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,4% га көбөйүп, 325,3 миллион сомду түздү. Ошол эле учурда, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 42,9% (139,6 млн сом) чарбакер субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдери боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлдү.

Тэги: страхование Кыргызстан имущество деньги страховка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу