Кыргызстандыктар азык-түлүктү аз сатып ала баштады

02.12.2022, 09:13 Акчабар
Кыргызстандыктар азык-түлүктү аз сатып ала баштады

Былтыр 2021-жылы республиканын калкынын жан башына орточо кассалык чыгашасы айына 4 миң 681,5 сомду түзгөн. Бул сумма 2017-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли” басылмасында айтылат.

Өткөн жылы үй чарбаларынын чыгашаларынын жалпы түзүмүндө керектөө чыгымдарынын үлүшү 85,7%ды, салыктык чыгашалардын үлүшү 7,8%ды түздү.

“Керектөө чыгашаларынын түзүмү үй чарба мүчөлөрүнүн жеке керектөөсүнө багытталган тамак-аш азыктары, азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүү чыгымдарынан турат. Азык-түлүккө жана сыртта тамактанууга кеткен чыгымдар 2017-жылдагы 49,7%дан 2021-жылы 48,9%га азайган. Керектөө чыгымдарынын олуттуу бөлүгүн ээлеген тамак-аш азыктарын сатып алууга чыгымдардын үлүшү 2021-жылы 45,4%ды түздү.Бул 2017-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка аз”, - деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында.

Калктын жыл сайын азык-түлүк сатып алууга жумшаган чыгашаларынын жалпы көлөмүндө 2021-жылы эң чоң үлүштү нан жана нан азыктары ээлеген (37,5%). Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,03 пайыздык пунктка жогору. Ошол эле учурда этти жана эт азыктарын сатып алууга чыгымдардын үлүшү 2017-жылдагы 25,2%дан 2021-жылы 33,8%га чейин өстү. Өткөн 2021-жылы жашылча-жемиштерге чыгашалардын үлүшү 7,5%ды, май жана тоң майларга  8,7%ды, кант жана кондитердик азыктарды сатып алууга 4,5%ды, сүт жана сүт азыктарын сатып алууга 6%ды түздү.


“Шаарда жашаган калктын жан башына тамак-ашка болгон орточо акчалай чыгашасы айыл элинин чыгашаларынан 1,1 эсе ашты. Жалпысынан 2021-жылы жакыр эмес үй чарбаларынын жан башына орточо тамак-аш чыгашасы жакыр үй чарбаларына караганда 1,7 эсеге жогору болгон", -деп айтылат маалыматта. 

Азык-түлүк эмес товарларды сатып алууга акчалай чыгашалардын түзүмүндө өзгөрүүлөр болгон. Күйүүчү май сатып алууга чыгашалардын үлүшү 2017-жылдагы 18,6%дан 2021-жылы 19,5%га чейин, ал эми транспорт каражаттарын сатып алууга чыгашалар 4,7%дан 6,9%га чейин өскөн. Тескерчисинче, бул мезгилде кийим-кече жана кездеме сатып алууга чыгашалардын үлүшү 43,4%дан 40,2%га кыскарган.

Былтыр, 2021-жылы үй чарбаларынын кызмат көрсөтүүлөргө сарптоолору жалпы керектөө чыгымдарынын 23%ын түзгөн. Турак жай-коммуналдык чарба кызмат көрсөтүүлөр чыгашалардын негизги бөлүгүн түзгөн. Анын үлүшү 2017-жылга салыштырмалуу 1,7%га көбөйүп, кызмат көрсөтүүлөргө жалпы чыгашалардын 29,4%ы туура келген. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар 2017-жылга салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка кыскарып, 17,8%ды түзгөн. Байланыш кызматына чыгашалардын үлүшү да 2017-жылдагы 20,5%дан 2021-жылы 17,4%га чейин азайган. Саламаттык сактоо кызматтарына чыгашалар 10,3%дан 11,3%ке чейин өскөн. Ал эми билим берүүгө чыгымдардын үлүшү бул мезгилде 8,3%дан 6,2%га кыскарган. 

Тэги: новости Кыргызстана экономика потребление уровень жизни Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу