Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 3,3 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк" "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорун ишке ашырууга катышууда", - деп айтылат билдирүүдө.
2024-жылдын 16-майына карата бул долбоордун алкагында каржылоону 23 субъект алып, берилген жалпы сумма 3 миллион 300 миң сомду түздү.
Насыялоого жалпысынан 1 миллиард сом каралган.