2020-жылы кыргызстандыктардын камсыздандыруу төлөмдөрү 1.3 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы билдирди.
Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү турак-жайды камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Жалпысынан 915.8 млн сомду түзгөн. Милдеттүү камсыздандыруу 174.5 млн сомду, жеке камсыздандыруу 154 млн сомго жеткен.
Камсыздандыруу компанияларынын төгүмдөрү отчеттук мезгил убагында 37.5 млн сомго жеткен.