Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

28.02.2024, 10:35 Акчабар
Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

  • жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);
  • бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса анда 0,1%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, стратегиялык объекттерге кирген СБКнын базарлары "Дордой" жана "Тураталы эл базары" (“Кара-Суу”) өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрациясындан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: патент соода салык ишкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу