Кыргызстанда 1-майдан тарта ПЧР-тест талап кылынбайт

29.04.2022, 09:30 Акчабар
Кыргызстанда 1-майдан тарта ПЧР-тест талап кылынбайт

Ушул жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттери аркылуу транспорттун бардык түрү менен өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сертификатын, же терс ПЧР тестин милдеттүү түрдө талап кылуу жокко чыгарылды. Мындай чечим коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйында кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда 28-апрелге карата республикадагы коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал жана республиканын калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу баяндамалар угулду.

Ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте калктын аялуу катмарына басым жасоо менен эмдөөгө камтууну кеңейтүү жана анын темпин жогорулатуу аркылуу калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жакын арада өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы буйругун (өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө) күчүн жоготту деп таануу маселеси каралмай болду.

Тэги: коронавирус ПЦР вакцина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу