Жыл башынан бери Кыргызстан боюнча 15 млн 972 миң 900 баш малга ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы эмдөө жүргүзүлдү, Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14 млн 714 миң 400 мал алдын ала эмдөөдөн өткөн.
"783 миң 100 бодо мал диагностикалык изилдөөдөн өтсө, дегельминтизация иштери 475 миң 400 баш малды түздү", - деп айтылат маалыматта.