Азыркы тапта өлкөдө майыптыгы бар 211 миң адам жашайт, алардын 37 миңи балдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, Бишкекте майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча жыйын өттү. Ага эмгек министри Гүлнара Баатырова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында бүгүнкү күндө МСЭКтен өтүү жөнөкөйлөштүрүлдү. Эми ар кандай мекемелерден көптөгөн маалымкаттарды чогултуунун кажети жок, бардыгы санариптештирилди. Майыптыгы бар балдарды социалдык камсыздоого ай сайын 8 миң сом жөлөк пул төлөө каралган. Майыптыгы бар ар бир төртүнчү бала жеке жардамчынын кызматын алат. Жардамчылардын акысы айына 6,3 миң сомду түзөт", - деди министр.
Гүлнара Баатырова майыптыгы бар 6 миңге жакын бала протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз аларын кошумчалады. Өлкөдө жыл сайын 5 миңге жакын бала текшерүүдөн өтүп турарын белгиледи.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.