Кыргызстанда 54,5 млн долларга Халал парк курулат

18.09.2023, 11:06 Акчабар
Кыргызстанда 54,5 млн долларга Халал парк курулат

Учурда Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген Халал паркты куруу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. 

Белгилеп кетсек, халал паркын курууга жана ишке ашырууга пландалган сумма 54,5 млн долларды түзөт. Аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо аяктоодо. 

“Долбоор Кыргызстан, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашуунун алкагында ишке ишууда. Макулдашуунун негизги максаты эл аралык стандарттарга жооп берген Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, макулдашуунун алкагында Кыргызстандын, Ислам өнүктүрүү банкы (280 миң доллар) жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын (100 миң доллар) пайдасына кайтарымсыз негизде 380 миң доллар өлчөмүндө техникалык жардам тартуу каралган. Кыргыз тараптын долбоорду иштеп чыгууга кошкон салымы 50,0 миң долларды түзөт.

Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын 8-октябрында Кыргыз-Малайзия корпорациясынын Консорциуму, “The Chambers Shamsul Qamar” жана “HalNex Sdn Bhd” менен Халал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлган.

"2023-жылдын 27-июлунда жогорудагы жумушчу топ кезектеги отурумунда Халал паркынын ТЭО-3 Компоненти боюнча Консорциумдун берилген отчетун карап чыкты жана кабыл алды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.  

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу