Бишкекте көп функционалдуу жаштар борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Марат Тагаев билдирди.
Анын айтымында, бул борборду ачуунун максаты мамлекеттик жаштар саясатынын негизги приоритеттүү багыттарын ишке ашыруу болуп саналат.
“Долбоордун сметалык баасы 700 млн сомду түзөт”, - деди ал.
Министрдин орун басары белгилегендей, учурда мындай жаштар борборлору ПРООНдун көмөгү менен республиканын аймактарында да курулуп жатат. Ошондой эле, 30 коомдук жаштар борборлору бар.