Кыргызстанда айрым майрам күндөр иш күнү болот

17.04.2024, 17:00 Акчабар
Кыргызстанда айрым майрам күндөр иш күнү болот

Министрлер кабинети Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык айрым майрам күндөрү иш күнү болот. Эми бул өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш менен президент колдоп бериши керек.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, буга чейин жарандар 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү), 7-8 ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам күндөрүндө эс алып келсе, эми алар майрам бойдон калат, бирок жарандар ал күндөрү иштешет.

Ошондой эле жумушчу эмес майрам күндөрү (мисалы 31-август) дем алышка туура келсе, эс алуу башка күнгө жылдырылбайт. Белгилей кетсек, учурда майрам күнү базар күнгө туш келсе, эс алуу башка датага жылдырылып, жарандар кошумча 1 күн эс алып келишет.

"8-март, 21-март, 5-май, 9-май менен 31-август, Орозо айт, Курман айт жана Рождество жумушчу эмес майрам күндөрү бойдон калат". 

Жарандар үчүн 1-январдан 6-январга чейин жаңы жылдык каникулдар жана 1-майдан  8-майга чейин май каникулдары болот.

 

Тэги: майрам күндөр Эмгек кодекси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу