Кыргызстандагы наабайчылар “Агровест” ун комбинатынын 1-сортундагы ата мекендик “Тулпар” унунан нан бышырып, сата баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын сапаты сырттан келген ундан кем эмес, камырдын ийкемдүүлүгү мыкты.
“Мекеменин адистеринин демилгеси менен Ош облусундагы наабайканалардын биринде атайын экспертиза жүргүзүлдү. Тандыр наны жергиликтүү “Тулпар” унунун 1-сортунан даярдалды. Жыйынтыгында жергиликтүү ундан жогорку сапаттагы нан жасалды. Кыргызстандын уну импорттук унга салыштырмалуу күчтүүлүгү жана курамы боюнча көп сандагы минералдар менен байытылган”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Р. Жунушев кыргыз унунда темир, фолий кислотасы сыяктуу бир нече табигый пайдалуу минералдар бар экенин билдирди. Кыргызстандын уну атайын лабораторияларда текшерилет.