Кыргызстанда атомдук электр станция курулушу мүмкүн

21.01.2022, 12:20 Акчабар
Кыргызстанда атомдук электр станция курулушу мүмкүн

Энергетика министрлиги Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы менен кичи атомдук электр станцияларын куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол койду.

Макулдашуу 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында болгону "Росатомдун" сайтында жазылды.

Документке ылайык, Кыргызстанда RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттагы атомдук электр станциясын куруу мерчемделүүдө.

Маалыматта Кыргызстанда мындай атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө таасир этери айтылды.

Белгилеп кетсек, "Росатом" атомдук энергетикалык мамлекеттик корпорациясы - өзөктүк өнөр жайынын 400дөн ашык ишканаларын бириктирген орус мамлекеттик холдинги. Ишкана дүйнөлүк атомдук өнөр жайда лидерлердин бири жана урандын запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Тэги: энергетика экономика меморандум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу