Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектерге караганда жогору

26.09.2023, 15:03 Акчабар
Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектерге караганда жогору

Шаардык калктуу конуштарда жумуш менен камсыз болгон  калктын билим деңгээли айыл жериндеги калктын билим деңгээлинен эки эсе жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. 

Маалыматка ылайык, аялдардын кесиптик билим деңгээли эркектерге караганда жогору. Антсе да, адистер аялдар эмгекке жарамдуу мезгилде турмуш куруп, декреттик өргүүгө кеткендиктен карьералык өсүштө аксап каларын белгилешет.  

Жогорку билимдүү иштеген адамдардын эң көп үлүшү 30 жаштан 39 жашка чейинки курактык топко туура келет. Ишке орношкондордун ичинен үчтөн бир бөлүгү жогорку билимдүү, негизинен алар ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштегендер. 

Жогорку билимдүүлөрдүн эң көп үлүшүн (78 пайызга жакыны) кыймылсыз мүлк операциялары чөйрөсүндө, ал эми орто кесиптик билими барлардын эң көп үлүшү (43 пайызга жакыны) саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө иштегендер түзөт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу