Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баасы өстү

14.06.2023, 09:35 Акчабар
Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарлардын баасы өстү

Май айында апрелге салыштырмалуу Беларусь жана Арменияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө баалары жана тарифтери жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда баанын 0,9%га өсүшү азык-түлүк эмес товарлардын 2,3%га өсүшү менен байланыштуу. 

Ушул жылдын май айында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда катталды (4,8%), анда азык-түлүк баасы эң көп 5,6%га өскөн.

Ошол эле учурда, Кыргызстанда азык-түлүк эмес товарларга баалар максималдуу өскөн. Азык-түлүк эмес товарларга баалар 4,9%га жана калкка көрсөтүлгөн кызматтарга 5,2%га жогорулаган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу