2023-жылдын августунда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен азык-түлүк эмес товарларга баалар максималдуу 8,2%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Белгиленгендей, бул мезгилде экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (6,6 пайыз) Казакстанда катталган. Анда азык-түлүк товарларына (5,9 пайызга) жана калкка көрсөтүлгөн кызматтарга (7,7 пайызга) баалар эң көп жогорулаган.
Быйыл августта мурдагы айдан айырмаланып, Беларусияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал жерде алар 0,3%га азайган. Инфляциянын эң жогорку деңгээли 0,7% менен Казакстанда болгон. Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин индекси өткөн айдын деңгээлинде калды.