Санариптештирүүнүн алкагында Каржы министрлиги "санариптик экономикага" 500,0 млн. сом каражат бөлөт. Беш айдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен жалпысынан 146 млн. сом бөлүштүрүлдү.
Белгиленгендей, санариптештирүүнүн алкагында Министрлер кабинетинин чечиминин негизинде мамлекеттик органдар тарабынан жалпы суммасы 349,3 млн. сомдук долбоорлор президенттин администрациясында каралууда.
“Каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдардан түшкөн арыздардын негизинде жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.