Кыргызстанда бир жумада 275 мас айдоочу аныкталды

27.05.2024, 14:00 Акчабар
Кыргызстанда бир жумада 275 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 20-майдан 26-майга чейин 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 338;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 275;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 79;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 737;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 408;
  • авто ээнбаштык – 26;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 316;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Тэги: жол эрежеси мыйзам бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу