Кыргызстанда биринчи ирет 85 млн «жашыл» облигация мамкаттоодон өттү

06.06.2023, 09:44 Акчабар
Кыргызстанда биринчи ирет 85 млн «жашыл» облигация мамкаттоодон өттү

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Дос-Кредобанк” ААКнын 85 миң нускадагы жалпы суммасы 85 млн. сомдук пайыздуу “жашыл” облигацияларынын биринчи чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү. 

Финкөзөмөлдүн маалыматкына ылайык, жашыл облигацияларды чыгаруунун максаты - жашыл долбоорлорду каржылоого каражат табуу.

Анын алкагында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар (долбоорлор) аныкталды: 

  • "жашыл" жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен экологиялык жактан таза материалдардан үйлөрдү жана жайларды куруу;
  • жеңилдетилген шарттарда ар кандай “жашыл технологияларды” киргизүүдө айыл чарба багытында ишкер аялдарды жана жаштарды колдоо;
  • экологиялык жактан таза транспорт, электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу;
  • тазалоочу курулмаларды, сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотууну каржылоо, жеңилдетилген шарттарда ар кандай “жашыл технологияларды” киргизүү аркылуу туризм тармагын колдоо.

Туруктуу каржылоо принциптерин ишке ашыруу жана операцияларды этап-этабы менен интеграциялоо максатында “Дос-Кредобанк” ААКда Жашыл каржылоо департаментинин структуралык бөлүмү түзүлдү. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу