Кыргызстанда бодо малдар генетикалык жактан жакшыртылат

13.09.2023, 13:00 Акчабар
Кыргызстанда бодо малдар генетикалык жактан жакшыртылат

Кечээ, 12-сентябрда Айыл чарба министрлиги KOICA уюму менен биргеликте “Ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу” долбоорунун протоколуна кол коюшту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Жыйынга Айыл чарба министри А. Джаныбеков, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вун Джэ, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун жана KOICA уюмунун директору катышты.

Аталган долбоор KOICA уюму жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту менен биргеликте ишке ашырылат.

"Бул долбоор илимий окуу борборун куруу, биоборборду реконструкциялоо жана жасалма уруктандыруу боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу уйлардын эт жана сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт"- деп айтылат билдирүүдө.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу