Кыргызстанда бул иш жумасы төрт гана күнгө созулат.
23-февралдагы майрамга байланыштуу жума күнү эс алуу жарыяланды. Муну менен кыргызстандыктар 23-24-25-февралда эс алат. Токтомду Министрлер кабинети кабыл алды.
Андан тышкары, 22-февралдагы иш күнү бир саатка кыскартылат.