Кыргызстанда буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

25.09.2023, 11:35 Акчабар
Кыргызстанда буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда буудайды экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинетинин токтом долбоорунда буудай жана буудай унун өлкөдөн ташып чыгууга алты айлык чектөө киргизилгени жазылган.

Мындай чечим өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынган.

Эске салсак, буга чейин өлкөдө ундун баасы кымбаттаганы парламент жыйынында да көтөрүлгөн. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасы орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирген.

Тэги: экспорт буудай Ун токтом чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу