Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр чубалгыларын куруу уланууда

18.04.2022, 14:39 Акчабар
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр чубалгыларын куруу уланууда

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455,6 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды:

"955 (76%) тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 897 (72%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 742 (59%) тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду , 436 (35%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр тирөөчтөрдүн жалпы саны 1241",- деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 84 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 44 бирдиктеги траспорттук каражаттар жана 230 жумушчу тартылып, анын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Айта кетсек, CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Тэги: Электр энергия Борбордук Азия менен Түштүк Азия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу