Кыргызстанда «Чалдовар» жылуулук электр станциясы курулат

01.04.2024, 09:30 Акчабар
Кыргызстанда «Чалдовар» жылуулук электр станциясы курулат

Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ “Чалдовар” жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле эки өлкөнүн энергетика тармагындагы уюмдарынын өз ара кызматташуусуна багытталган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо, куруу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгуу да каралган..

Тэги: Чалдовар ЖЭС Энергетика министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу