Кыргызстанда 2023-жылдын 1-сентябрына карата өлкөнүн бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 266,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл сегиз айда эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3484 тоннага же 1,3%га көп өндүрүлгөн.