Өлкөдө илимди өнүктүрүүгө жетиштүү каражат бөлүнбөй келет — УИА

30.01.2023, 16:33 Акчабар
Өлкөдө илимди өнүктүрүүгө жетиштүү каражат бөлүнбөй келет — УИА

Кыргызстанда илим изилдөө жаатына жетиштүү каражат бөлүнбөй келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү менен жолугушууда айтылды. 

Анда илим изилдөө тармагын өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланды. 

"Кыргызстанда илимий негиздеменин жоктугунан улам көп иш аягына чыкпай калат. Андыктан жеңил өнөр жай тармагынан баштап, кен казуу, электр өндүрүү өңдүү ири өндүрүшкө чейинки долбоорлорду алгач илимий көз карашта ар тараптуу изилдөөгө алып, анан башташыбыз керек. Бул үчүн илимпоздорго жана алардын илим изилдөө ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү керек", - деди Нурланбек Шакиев.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов мекеменин ишин алдыга жылдырууда каржы маселеси өтө курч экенин кошумчалады.  

Ошондой эле, жолугушууда илимпоздор мекеменин бюджетин көтөрүү, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, илимий ишмердүүлүк жүргүзүүгө тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сыяктуу сунуш-пикирлерин билдиришти.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу