Кыргызстанда индиялык клиникаларды ачуу талкууланды

15.03.2022, 16:31 Акчабар
Кыргызстанда индиялык клиникаларды ачуу талкууланды

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Индиядагы элчилиги менен биргеликте PHD Соода-өнөр жай палатасынын (Индия) теңтөрагасы Сантош Кумар жетектеген индиялык делегациянын иш сапарын  уюштурду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул сапардын алкагында 14-мартта Бишкекте жолугушуу болуп өттү.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси А.Исаев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекемелерине Индиядан келген медицина тармагынын өкүлдөрү менен тыгыз байланыш түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Индиянын ооруканалары биздин жарандарды Индияда дарылоону оптималдаштыруу үчүн Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачууга кызыкдар болуп жаткандыгы өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Сантош Кумар кызматташтыкты түзүүнүн негизги пункттарына токтолуп, Кыргызстандын ишкерлерин индиялык компаниялар сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Индиянын бизнес өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тартууланды, атап айтканда, медицина тармагына инвестиция тартуу маселелери, фармацевтика өндүрүүчү заводдорду куруу жана Кыргызстанда индиялык клиникаларды ачуу талкууланды.

Иш-чаранын алкагында В2В форматында жолугушуу уюштурулуп, анда тараптар орун алган сунуштарды жана маселелерди олуттуу талкуулай алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын биргелешип өнүктүрүүнү макулдашты жана бир катар компаниялар кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Белгилей кетсек, жолугушууга индиялык делегацияны фармацевтика, медициналык туризм, медициналык мекемелер, текстиль, чай, кофе, туризм жана бизнестин башка тармактарынын 24 өкүлү катышты. Ал эми кыргыз тараптан Кыргызстандын өнөр жайынын кеңири спектрин көрсөткөн ишкерлер: саламаттыкты сактоо, билим берүү, жеңил өнөр жай, Фармацевтика өндүрүүчүлөр ассоциациясы, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук инвестициялык агенттиктин өкүлдөрү катышты.

Тэги: ТИМ медицина тармагы. Индия фармацевтика өндүрүүчү завод

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу