Кыргызстанда үй-бүлөлүк бюджетти түптөөдө аялдар лидер болууда

15.09.2023, 17:26 Акчабар
Кыргызстанда үй-бүлөлүк бюджетти түптөөдө аялдар лидер болууда

Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк экономиканы калыптандырууда аялдар лидерлик кылууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин “Социалдык келишим” программасы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөн. 

Ага ылайык, “Социалдык келишим” программасынын 10 миң катышуучусунун 95,6%ын аялдар түзөт. Ошол эле учурда Ош облусунда аялдардын катышуусу катышуучулардын жалпы санынын 99,4% түзөт.

Анын ичинен 7,5 миңден ашыгы айыл чарба тармагында долбоорлорду ишке ашырса, 1,3 миңден ашыгы ар кандай өндүрүштөрдү ишке киргизди. Өндүрүш тармагында 1,1 миң тигүү цехтери ачылса, калгандары жарым фабрикаттарды, нан жана кондитер азыктарын жана башка тамак-аш азыктарын чыгарышат.

Калгандары соода жана тейлөө тармагында иштешет.

Министрлик 2022-2023-жылдары “Социалдык келишим” программасына дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлө катышып, киреше ала баштаганын билдирди. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу