Кыргызстанда күйүүчү май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

03.10.2023, 14:35 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү май таңкыстыгы жаралышы мүмкүн

“Казахстан темир жолы” компаниясы 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен күйүүчү май боюнча транзиттик жүктүн көлөмүн алдын-ала макулдашууну токтотту. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясына таянып “Reporter.kg” билдирди. 

Маалыматка ылайык, казак тарап кыргыз ишканаларынын октябрь айына берген пландарын четке кагууда. Учурда ассоциация “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен бирге маселени чечүү аракетин көрүүдө.

“Кыргыз нефтетрейдерлери жүктү убагында алып келе албаса, 20 күндөн кийин эле өлкөдө күйүүчү майга тартыштык жаралат. Андыктан бул маселе эки өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керек”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: күйүүчү май таңкыстык нефть

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу