Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандады

21.04.2022, 12:38 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандады

Кыргызстанда акыркы эки күндө АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,7 сомго (62,5 сомдон 63,2 сомго чейин сатылууда), дизель майы 1,1 сомго (62,9 сомдон 63,5 сомго чейин) чейин төмөндөгөн. Ошондой эле суюлтулган көмүртек газынын баасы учурда 33,9-34 сом болууда.

“Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запастары бар. Бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майлар рыногу монополияга каршы органдын туруктуу көзөмөлүндө экени жана күйүүчү майга болгон баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча системалуу түрдө зарыл иштер жүргүзүлөөрү айтылат.

Айта кетсек, “Акчабар” финансы порталына Нефтрейдерлер Ассоциациясынын президенти Канат Эшатов Кыргызстан россиялык өнөктөштөрүнө күйүүчү май жеткирүүдө рубль менен  төлөп баштагандыгын, бирок келишимдерге төлөм рубль менен дагы, доллар менен дагы көрсөтүлгөнүн билдирип, орус рублине өтүү чекене соодада мунай азыктарынын баасына таасирин тийгизбестигин айткан.

Тэги: күйүүчү май антимонополия майдын запасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу