Ноокатта көмүрдүн баасы 7 миң 500 сомдон ашты

21.01.2022, 14:00 Акчабар
Ноокатта көмүрдүн баасы 7 миң 500 сомдон ашты

Көмүрдүн чекене баасы Кыргызстан боюнча орточо алганда өткөн жылдын декабрынын деңгээлинде сакталуу менен бир тонна үчүн 5 миң 183 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. 

Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн – 7 599 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 230 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом), Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды. 

Эске салсак, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинети 2021-жылдын октябрында убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. 

Тэги: көмүр Ноокат баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу