Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

07.09.2023, 15:00 Акчабар
Кыргызстанда өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду

Өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Алымкадыр Бейшеналиев дайындалды. Мурдагы министр Гүлнара Баатырова эмгек министрлигинин убактылуу жетекчиси болду. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан.

Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул кызматка Талантбек Иманов дайындалды. Ал санарип өнүктүрүү министри болуп турган. Анын ордуна Нурия Кутнаева убактылуу жетекчи болуп бекиди. Ал буга чейин Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттикти башкарган. Бул агенттикке Алмамбет Касымбеков келди.

Ошондой эле билим берүү министри Каныбек Иманалиев милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду. Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Уланбек Усеков дайындалды.

Тэги: Кыргыз өкмөтү кадр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу