Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, 7-майга карата өлкөдө кызамык оорусунун 9 миң 509 учуру катталды. Анын ичинен:
- Бишкек шаарында — 3 300;
- Ош шаарында — 588;
- Ош облусунда — 1 442;
- Баткен облусунда — 283;
- Чүй облусунда — 2 244;
- Жалал-Абад облусунда — 1262;
- Ысык-Көл облусунда — 167;
- Нарын облусунда — 112;
- Талас облусунда —111 учур катталды.
Тэги: кызамык жугуштуу оорулар инфекция