Март айында коммерциялык банктар 10.5 млрд сомго насыя беришкен

11.05.2020, 16:10 Акчабар
Март айында коммерциялык банктар 10.5 млрд сомго насыя беришкен

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандагы коммерциялык банктар 10 млрд 530 млн 437.9 миң сомго, орточо 17.94 пайыздык чен менен насыя беришкен. Бул тууралуу өлкөнүн регулятору билдирди. 

 

Кошумчалай кетсек, бул сумма февраль айына салыштырмалуу 768 млн 530.4 миң сомго жогору. 

Берилген насыянын дээрлик 77.96% же 8 млрд 209 млн 579.2 миң сом, орточо 20.48% менен улуттук валютада берилген. Доллар менен - 2 млрд 320 млн 858.7 миң сом, 8.96% менен берилген. 

Белгилей кетсек, улуттук валюта менен берилген насыянын пайыздык чени 0.93% жогорулап, доллар менен берилген насыянын пайыздык чени - 0.08% төмөндөгөн. 

Тэги: март Кыргызстан коммерциялык банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу